28-октябрь күнү☀️ ROYAL курулуш компаниясы үчүн тарыхий күн болду. Көптөн күткөн, кыялданып жүргөн Кыргызстандын тарыхында биринчи Асман тирегич ROYAL TOWER’дин 🏙 пайдубалын түптөө аземин өткөздүк.
Технологиялык өтө жоопкерчиликтүү оор иш чара болду десем жаңылышпайм. Таң аткандан баштап🌅, түнкү 12 ге чейин фундаментти кую үчүн М450 маркасындагы 2800 метр куб бетон алынды. Кыргызстандын тарыхында турак жай салууда М450 маркасы биринчи жолу колдонулуп жаткан кез.
ROYAL TOWER’дин пайдубалын толугу менен куюп бүтүш үчүн, миксерлер объектке 300 рейс жасашты.
Кызыктуу факт: ROYAL TOWER’дин пайдубалына эле, 12 кабаттуу LONDON турак жайга кетирген арматура менен бетонду коротуптурбуз👏.
Ошондой эле бардык технологиялар албетте сакталды: башкы инженер, прораб, автордук надзор, технадзор, конструкторлор жана бетон заводдун өкүлдөрү процессти өздөрү көзөмөлдөп турушту. Бетондун сапатын аныкташ үчүн, бүт лаборатордук текшерүүлөр жүргүзүлдү. Буюруса алдыда дагы адаттагыдай эле, ар бир куюлган бетонду, ар бир курулуш материалдардын сапатын текшеребиз.
Биздин компания үчүн маанилүү күндө, биз менен болуп, кубанычыбызды тең бөлүшкөн меймандарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз🙏.
Кардарларыбыз, көп жылдан бери биз менен иштеп жаткан партнёрлор – жылуу сөздөрүн арнап, каалоо тилектерин айтып, биздин кичинекей иш чарага катышып бергениңиздер үчүн рахмат. Сиздерге дагы бүт жакшылыктарды каалайм, бийиктиктерди багындырып жүрө бериңиздер. Буюруса баштаган долбоор ийгиликтүү аяктап, шаарыбыздын көркүнө көрк кошсун🤲
P.S. 2012-жылы курулуш тармагына жаңы келгенде аябай толкундандым эле. Ошол сезимдерди дагы бир жолу жашагандай болдум.
P.P.S. Эсептеп көрсөм 10 жыл ичинде, бул 27-объект экен. 27-объект, 27 кабат болот буюрса🤲😎.